КАГАЗДЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАГАЗДЫ – Жалал-Абад облусунун Ноокен районун­дагы кыштак. Сакалды айыл округуна караш­туу. Деңиз деңгээлинен 590 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыштагынан 6 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 54 км аралыкта. Калкы 1098 (2022); негизинен дый­кан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар.