ИБН АЛ-АСИР
ИБН АЛ-АСИ́Р Изз-ад-дин Абу-л-Хусайн Али ибн Мухаммад ибн ал-Асир (1160–1233/34) – араб акыны, филолог ж-а тарыхчы. Тигр дарыясынын жээгиндеги Жезират ибн-Омар шаарында туулган. Арабиядан тышкары Сирия ж-а Палестина өлкөлөрүнө саякат кылган. Жыл саноо системасын колдонуп жазган көп томдуу эмгеги «ал- Камил фи-т-тарих"(«Толук жыйнактуу тарых») деп аталат. Жазма булактар, сурамжылоо же жекече байкоолор аркылуу жазылган бул эмгектин калган бөлүгү хижранын 628-жылына (1231) чейин баяндалган. Анда бизге жетпей калган чыгармалардан (мисалы, ас-Салламинин, ал-Утбинин) баалуу үзүндүлөр сакталган. Кээ бир белгилүү тарыхый окуялар (мисалы, 751-жылы июлдагы Талас суусунун жээгиндеги араб-кытай согушу) тууралуу маалыматтар Ибн ал-Асирдин китебинде гана кездешет. Булардан башка Караханиддердин тарыхы же алардын 940-жылы Баласагун шаарын басып алышынан баштап, 13-кылымга чейинки окуялар, алардан тышкары кара-кытайлардын (кидандардын), уйгурлардын тарыхы боюнча ж-а моңголдордун Орто Азияны басып алышына байланыштуу баалуу маалыматтар бар. Ибн ал-Асирдин китеби бир нече жолу басылып, Орто Азия м-н Казакстанга тийиштүү маалыматтары С. Торнбергдин котормосунда чыккан.
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2002.
Т. Жуманалиев.