ИБН АЛ-АСИР
ИБН АЛ-АСИ́Р Изз-ад-дин Абу-л-Хусайн Али ибн Мухаммад ибн ал-Асир (1160–1233/34) – араб акыны, филолог жана тарыхчы. Тигр дарыясынын жээгиндеги Жезират ибн-Омар шаарында туулган. Арабиядан тышкары Сирия жана Палестина өлкөлөрүнө саякат кылган. Жыл саноо системасын колдонуп жазган көп томдуу эмгеги «Ал-камил фи-т-та’рих» («Толук жыйнактуу тарых» же «Тарыхтардын толук жыйнагы») деп аталат. Жазма булактар, сурамжылоо же жекече байкоолор аркылуу жазылган бул эмгектин калган бөлүгү хижранын 628-жылына (1231) чейин баяндалган. Анда бизге жетпей калган чыгармалардан (мисалы, ас-Салламинин, ал-Утбинин) баалуу үзүндүлөр сакталган. Кээ бир белгилүү тарыхый окуялар (мисалы, 751-жылы июлдагы Талас суусунун жээгиндеги араб-кытай согушу (кара: Атлах салгылашуусу) тууралуу маалыматтар Ибн ал-Асирдин китебинде гана кездешет. Булардан башка Караханиддердин тарыхы же алардын 940-жылы Баласагун (кара: Баласагын) шаарын басып алышынан баштап, 13-кылымга чейинки окуялар, алардан тышкары кара-кытайлардын (кидандардын), уйгурлардын тарыхы боюнча жана моңголдордун Орто Азияны басып алышына байланыштуу баалуу маалыматтар бар. Швед чыгыш таануучусу, араб тилинин профессору К. Торнберг (1807–1877) Ибн ал-Асирдин бир нече кол жазмасына негиздеп, 1851–1876-жылдары «Ибн ал-Асирдин эң сонун жазылган хроникасы» (Ibn el-Athiri Chronicon quod perfectissimum inscribitur) аттуу 14 томдук эмгегин жарыкка чыгарган жана ага түшүндүрмө берип, жеке сын-пикирлерин кошумчалаган. Кыргызстандын аймагына тиешелүү «Ал-камил фи-т-та’рихтин» айрым томдорунан алынган үзүндүлөр К. Б. Старкова (1915–2000) тарабынан которулуп, 1973-жылы орус тилинде жарыкка чыккан «Материалы по истории киргизов и Киргизии» деген китепке кирген. 2005-жылы Ибн ал-Асирдин «Толук жыйнактуу тарыхынан» таңдамалуу үзүндүлөр филолог, араб тили боюнча адис П. Г. Булгаковдун (1927– 1993) котормосунда жана тарыхчы Ш. С. Камолиддиндин түшүндүрмөсү менен өзүнчө китеп болуп чыккан.
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2002; Ибн ал-Асир. Полный свод истории. Избранные отрывки. /пер. с араб. языка П. Г. Булгакова, с комм. Ш. С. Камолиддина. Таш.-Цюрих, 2005.
Т. Жуманалиев.