КАРА-СУУ РАЙОНУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ – Ош обл-нун борб. бөлүгүндө жайгашкан адм. бирдик. Район 1935-ж. уюшулган. Чыгышынан Өзгөн, түштүгүнөн ж-а түш.-чыгышынан Алай, батышынан Ноокат ж-а Араван р-ндору, түндүгүнөн Өзбекстан м-н чектешет. Аянты 2,8 миң км2 (Ош обл-нун аймагынын 9,7%и). Калкы 348,3 миң (2009; облтун калкынын 25,0%и). Райондо бир шаар, 15

айыл өкмөтү ж-а 123 кыштак бар. Борбору –
Кара-Суу шаары.
Район Ош – Кара-Суу түздүгүн, Алай кырка
тоосунун түн. тармактарын, адырларды ж-а Кичи Алай өрөөнүнун бир аз бөлүгүн ээлейт. Ош – Кара-Суу түздүгү деңиз деңг. 800–1200 м бийикте жатып, Орто-Тоо (бийикт. 1184 м), Кароол- Тоо (1115 м), Сулайман тоолору (1167 м; Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилди; 2009) ж-а Отуз-Адыр адырлары м-н курчалган. Аймагында көмүрдүн (Алмалык) ж-а курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик, түзөң бөлүгүндө жайы ысык. Январдын орт. темп-расы –3,3°Сден (өрөөндөрүндө) –
6,9°Сге чейин (тоолордо), июлдуку 15–24,4°С. Жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Ири суулары: Ак-Буура, Куршаб, Талдык ж. б. Түзөң бөлүгүндө боз, тоо жагында күрөң топурак басымдуу. Деңиз деңг. 800–1500 м бийикте жарым чөл,
1400–3000 мде талаа, 1800–3500 мде шалбаалуу
талаа, 1800–3000 мде шалбаа, 1000–2700 мде бадал өсүмдүктөрү, 1700–3000 мде токой (көбүнчө
арча) өсөт.
Райондо облустун калкынын 25,0%и жашайт. Төрөлүүнүн деңгээли 21,9‰ (2001), өлүмжитим – 4,9‰, табигый өсүш – 17,9‰ни түзөт.
Калкынын 54,9%и кыргыздар, 37,7%и өзбектер, 3,0%и уйгурлар, 1,6%и тажиктер, 1,0%и түрктөр, 1,8%и башка улуттар. Калкынын 43,8%и эмгек жашына чейинки курактагылар, 49,2%и эмгек жашындагылар, 7,0%и эмгек жашынан өткөндөр. Калкынын 75,1%и деңиз
деңг. 1000 мге чейинки, 22,6% – 1000–1500 м,



2,0% – 1500–2000 мде, 0,3% – 2000–2500 м бийикте отурукташкан. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 110 киши туура келет. Райондун экономикасынын негизин а. ч. ж-а иштеп чыгаруу өнөр жай түзөт. А. ч-нын негизги тармагы –
пахтачылык ж-а кой чарбасы. Жалпы жер фондусу 292,3 миң га болсо (2002), а. и. айыл чарбага жарактуу жери 189,0 миң га (жеринин 64,7%и). Айдоо аянты 53,2 миң га (анын 31,0 миң гасы сугат жер), 2,9 миң га көп жылдык
өсүмдүк, 10,1 миң га чабынды, 113,6 миң га
жайыт. Пахта (7,8 миң га; облустагы үлүшү –
69,0%), дан эгиндери (27,8 миң га, а. и. буудай
– 24,5 миң га), жүгөрү (2,9 миң га), тамеки (0,2
миң га), май алынуучу өсүмдүктөр (4,2 миң га), картөшкө (0,8 миң га), жашылча (2,3 миң га) ж. б. өстүрүлөт (2002). Багбанчылык (1,4 миң га) ж-а жүзүмчүлүк (0,4 миң га) өнүккөн. 2002-ж. райондо 67,1 миң бодо мал (а. и. 35,2 миң баш саан уй), 231,1 миң кой ж-а эчки (облустагы кой-эчкинин 27,3%и), 12,6 миң жылкы, 52,1 миң үй канаттуулары (34,8%) болгон. Район облуста өндүрүлгөн дандын 27,7%ин, пахтанын 65,3%ин, өсүмдүк майынын 24,0%ин, жашылчанын 30,7%ин, жүзүмдүн 73,3%ин, эттин 22,2%ин, сүттүн 31,4%ин, жүндүн 33,7%ин берет (2002).
Райондун өнөр жай продукциясынын облустагы
үлүшү 31,8%. <contr>Өнөр жай<contr>ы -нын негизин кайра иштетүү тармактары түзөт; а. и. пахтаны кайра иштетүүчү (облустагы үлүшү 52,0%), өсүмдүк майын
өндүрүүчү, тамекини ферменттөөчү ж-а ун-акшак
чыгаруучу ишканалар өзгөчө орун алат. Пахтаны кайра иштетүүчү ири ишканалары: «Акалтын» АК (жылына 90 миң т га чейин) ж-а «Бектур» жоопкерчилиги чектелген ишканасы ж. б.
Өсүмдүк майын өндүрүүчү эң ири ишканасы –
«Аска» АК (жылына 380 т чигит, 150 т күн караманын данын иштете алат). Ири ишканалардын катарына о. эле «Ош-Дюбек» АК (тамеки ферменттөөчү; Жаңы-Арык кыш-нда) ж-а
«Кара-Суу – Даназык» АК (ун-акшак чыгаруучу) кирет.
Райондо автомобиль (уз. 1850 км) ж-а т. ж. транспорту өнүккөн. Анын аймагынан Ош – Хорог (Памир тракты), Ош – Кара-Суу – Мырзаке – Өзгөн – Бишкек, Кара-Суу – Анжиян автомобиль жолдору ж-а Ош – Кара-Суу –
Жалал-Абад т. ж. өтөт. Жакынкы жылдары Кара-Суу т. ж. түйүнү аркылуу кытай-кыргызөзбек т. ж-н кошкон Кара-Суу – Торугарт т. ж.
курулмакчы.
Райондо 124 жалпы билим берүүчү мектеп (окуучулардын саны 73,4 миң) ж-а 958 орундуу мектепке чейинки 9 мекеме иштеген. Райондо 13 оорукана, 2 диспансер (учук, венерол.), стоматол. поликлиника, 4 үй-бүлөлүк медицина борбору, 58 ФАП, 35 үй-бүлөлүк врачтар тобу ж. б. мед. мекемелер иштейт. А. Мырзаев.