КАРА-СУУ РАЙОНУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ – Ош облусунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан административдик бирдик. Район 1935-жылы уюшулган. Чыгышынан Өзгөн, түштүгүнөн ж-а түштүк-чыгышынан Алай, батышынан Ноокат ж-а Араван райондору, түндүгүнөн Өзбекстан м-н чектешет. Аянты 2,8 миң км2 (Ош облусунун аймагынын 9,7%и). Калкы 468,3 миң (2022). Райондо бир шаар, 15

айыл өкмөтү ж-а 123 кыштак бар. Борбору – Кара-Суу шаары.
Район Ош – Кара-Суу түздүгүн, Алай кырка тоосунун түндүк тармактарын, адырларды ж-а Кичи Алай өрөөнүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Ош – Кара-Суу түздүгү деңиз деңгээлинен 800–1200 м бийикте жатып, Орто-Тоо (бийиктиги 1184 м), Кароол- Тоо (1115 м), Сулайман тоолору (1167 м; Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилди; 2009) ж-а Отуз-Адыр адырлары м-н курчалган. Аймагында көмүрдүн (Алмалык) ж-а курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик, түзөң бөлүгүндө жайы ысык. Январдын орточо температурасы –3,3°Сден (өрөөндөрүндө) – 6,9°Сге чейин (тоолордо), июлдуку 15–24,4°С. Жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Ири суулары: Ак-Буура, Куршаб, Талдык ж. б. Түзөң бөлүгүндө боз, тоо жагында күрөң топурак басымдуу. Деңиз деңгээлинен 800–1500 м бийикте жарым чөл, 1400–3000 мде талаа, 1800–3500 мде шалбаалуу талаа, 1800–3000 мде шалбаа, 1000–2700 мде бадал өсүмдүктөрү, 1700–3000 мде токой (көбүнчө арча) өсөт.
Райондо облустун калкынын 25,0%и жашайт. Төрөлүүнүн деңгээли 21,9‰ (2001), өлүм-житим – 4,9‰, табигый өсүш – 17,9‰ни түзөт.
Калкынын 54,9%и кыргыздар, 37,7%и өзбектер, 3,0%и уйгурлар, 1,6%и тажиктер, 1,0%и түрктөр, 1,8%и башка улуттар. Калкынын 43,8%и эмгек жашына чейинки курактагылар, 49,2%и эмгек жашындагылар, 7,0%и эмгек жашынан өткөндөр. Калкынын 75,1%и деңиз деңгээлинен 1000 мге чейинки, 22,6% – 1000–1500 м,

2,0% – 1500–2000 мде, 0,3% – 2000–2500 м бийикте отурукташкан. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 110 киши туура келет. Райондун экономикасынын негизин айыл чарба ж-а иштеп чыгаруу өнөр жай түзөт. Айыл чарбасынын негизги тармагы –пахтачылык ж-а кой чарбасы. Жалпы жер фондусу 292,3 миң га болсо (2002), анын ичинде айыл чарбага жарактуу жери 189,0 миң га (жеринин 64,7%и). Айдоо аянты 53,2 миң га (анын 31,0 миң гасы сугат жер), 2,9 миң га көп жылдык өсүмдүк, 10,1 миң га чабынды, 113,6 миң га жайыт. Пахта (7,8 миң га; облустагы үлүшү – 69,0%), дан эгиндери (27,8 миң га, анын ичинде буудай – 24,5 миң га), жүгөрү (2,9 миң га), тамеки (0,2 миң га), май алынуучу өсүмдүктөр (4,2 миң га), картөшкө (0,8 миң га), жашылча (2,3 миң га) ж. б. өстүрүлөт (2002). Багбанчылык (1,4 миң га) ж-а жүзүмчүлүк (0,4 миң га) өнүккөн. 2002-жылы райондо 67,1 миң бодо мал (анын ичинде 35,2 миң баш саан уй), 231,1 миң кой ж-а эчки (облустагы кой-эчкинин 27,3%и), 12,6 миң жылкы, 52,1 миң үй канаттуулары (34,8%) болгон. Район облуста өндүрүлгөн дандын 27,7%ин, пахтанын 65,3%ин, өсүмдүк майынын 24,0%ин, жашылчанын 30,7%ин, жүзүмдүн 73,3%ин, эттин 22,2%ин, сүттүн 31,4%ин, жүндүн 33,7%ин берет (2002).
Райондун өнөр жай продукциясынын облустагы үлүшү 31,8%. Өнөр жайынын негизин кайра иштетүү тармактары түзөт; анын ичинде пахтаны кайра иштетүүчү (облустагы үлүшү 52,0%), өсүмдүк майын өндүрүүчү, тамекини ферменттөөчү ж-а ун-акшак
чыгаруучу ишканалар өзгөчө орун алат. Пахтаны кайра иштетүүчү ири ишканалары: «Акалтын» АК (жылына 90 миң т га чейин) ж-а «Бектур» жоопкерчилиги чектелген ишканасы ж. б. Өсүмдүк майын өндүрүүчү эң ири ишканасы – «Аска» АК (жылына 380 т чигит, 150 т күн караманын данын иштете алат). Ири ишканалардын катарына ошондой эле «Ош-Дюбек» АК (тамеки ферменттөөчү; Жаңы-Арык кыштагында) ж-а «Кара-Суу – Даназык» АК (ун-акшак чыгаруучу) кирет.
Райондо автомобиль (узундугу 1850 км) ж-а темир жол транспорту өнүккөн. Анын аймагынан Ош – Хорог (Памир тракты), Ош – Кара-Суу – Мырзаке – Өзгөн – Бишкек, Кара-Суу – Анжиян автомобиль жолдору ж-а Ош – Кара-Суу – Жалал-Абад темир жолу өтөт. Жакынкы жылдары Кара-Суу темир жол түйүнү аркылуу кытай-кыргыз-өзбек темир жолун кошкон Кара-Суу – Торугарт темир жолу курулмакчы.
Райондо 124 жалпы билим берүүчү мектеп (окуучулардын саны 73,4 миң) ж-а 958 орундуу мектепке чейинки 9 мекеме иштеген. Райондо 13 оорукана, 2 диспансер (учук, венерологиялык), стоматологиялык поликлиника, 4 үй-бүлөлүк медицина борбору, 58 ФАП, 35 үй-бүлөлүк врачтар тобу ж. б. медициналык мекемелер иштейт.
А. Мырзаев.