КАРБЮРАТОРЛУУ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРБЮРАТОРЛУУ КЫЙМЫЛДАТКЫЧичи­нен күйүүчү кыймылдаткыч. Мында цилиндрде күйүүчү аралашма карбюратордо даярдалат ж-а күйүү камерасында учкун чачыратып от алдыр­гычтын жардамы м-н жалындап күйөт. Мын­дай кыймылдаткычтарда жеңил отундун түрлөрү (бензин, спирт, лигроин, керосин) колдонулат ж-а алар корбюратордо жеңил бууланып, аба ара­лашкан күйүүчү затты түзөт. К. к. отундун же­ңил күйүшү ж-а күйүү басымынын төмөндүгү м-н башка кыймылдаткычтан айырмаланып ту­рат. К. к-тын салыштырма салмагы жеңил ав­томобилдерде, мотоциклдерде, бир катар суу ж-а авиация. транспортторунда колдонулат.