КАРБЮРАТОРЛУУ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРБЮРАТОРЛУУ КЫЙМЫЛДАТКЫЧичи­нен күйүүчү кыймылдаткыч. Мында цилиндрде күйүүчү аралашма карбюратордо даярдалат ж-а күйүү камерасында учкун чачыратып от алдыр­гычтын жардамы м-н жалындап күйөт. Мын­дай кыймылдаткычтарда жеңил отундун түрлөрү (бензин, спирт, лигроин, керосин) колдонулат ж-а алар корбюратордо жеңил бууланып, аба ара­лашкан күйүүчү затты түзөт. Карбюраторлуу кыймылдаткыч отундун же­ңил күйүшү ж-а күйүү басымынын төмөндүгү м-н башка кыймылдаткычтан айырмаланып ту­рат. Карбюраторлуу кыймылдаткычтын салыштырма салмагы жеңил ав­томобилдерде, мотоциклдерде, бир катар суу ж-а авиация. транспортторунда колдонулат.