КАРА ТАБЫЛГЫТЫ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА ТАБЫЛГЫТЫ ШААР КАЛДЫГЫ – 6–8-к-га таандык археол. эстелик. Нарын д. То­гуз-Тородон Кетмен-Төбөгө бурулуп аккан жер­деги Кара-Табылгыты секисинде жайгашкан.
Чарчы түрдө, дубалдарынын уз. 200 м. Батыш ж-а чыгыш дубалдарында эшик, түн. ж-а түш. тарабында дарбазанын орду байкалат. Дубал­дары бийик мунаралар м-н бекемделген. Бурч­тарындагы негизги мунараларды эсептебегенде, түн. ж-а түш тарабында 7ден, чыгыш ж-а ба­тыш дубалдарында 8ден мунара болгон. Казуу учурунда түрк элдериникине түспөлдөш карапа сыныктары, идиштер табылган.