КАРА-СУУ СЛЮДА КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ СЛЮДА́ КЕНИ Баткен обл-нун Лей­лек р-нунда, Исфана ш-нан 45–50 км, Кара-Суу суусунун өрөөнүндө, деңиз деңг. 2900–4000 м би­йикте. 1950-ж. чалгындалган. Силур мезгилин­деги кристаллдуу сланецтерден 360 пегматит та­рамы аныкталган. Тарамдардын уз. 50–1500 м, орт. калыңдыгы 4–5 мден 20 мге чейин. Пегма­титтердин курамы шерл-мусковиттүү, муско­виттүү ж-а берилл-мусковиттүү. Тарамдардын тулкусунда слюданын өлчөмү 17,2 кг/м3, майда­ланган слюданын орт. өлчөмү 2,2 кг/м3. Слю­данын ажыроосу канааттандырарлык. Кен 1952-ж. чейин иштетилип, 697,42 т слюда ка­зып алынган. Слюданын запасы С1 – 2315 т , С2 – 510 т . 1997-жылга карата баланстагы за­пасы С1 – 836 т , С2 – 596 т .