КАРА-СУУ СЛЮДА КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ СЛЮДА́ КЕНИ Баткен облусунун Лей­лек районунда, Исфана шаарынан 45–50 км, Кара-Суу суусунун өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2900–4000 м би­йикте. 1950-жылы чалгындалган. Силур мезгилин­деги кристаллдуу сланецтерден 360 пегматит та­рамы аныкталган. Тарамдардын узундугу 50–1500 м, орточо калыңдыгы 4–5 мден 20 мге чейин. Пегма­титтердин курамы шерл-мусковиттүү, муско­виттүү ж-а берилл-мусковиттүү. Тарамдардын тулкусунда слюданын өлчөмү 17,2 кг/м3, майда­ланган слюданын орт. өлчөмү 2,2 кг/м3. Слю­данын ажыроосу канааттандырарлык. Кен 1952-жылга чейин иштетилип, 697,42 т слюда ка­зып алынган. Слюданын запасы С1 – 2315 т , С2 – 510 т . 1997-жылга карата баланстагы за­пасы С1 – 836 т , С2 – 596 т .