КАРА-СУУ (Алай районундагы кыш­так)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ – Ош обл-нун Алай р-нундагы кыш­так. Будалык айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1870 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Гүлчө кыш-нан 18 км чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 101 км. Кыштак 1938-ж. негиз­делген. Калкы 1001 (2010); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.