КАРА МЕТАЛЛУРГИЯ
КАРА МЕТАЛЛУРГИ́Я – чоюн, болот, прокат, феррокуйма, чоюн м-н болоттон даярдалуучу түтүктөрдү, темир буюмдарын өндүрүүчү оор өнөр жай тармагы. Машина курууда, курулуш материалдарын чыгарууда, эл чарбасын техника м-н жабдууда зор роль ойнойт. Мында К. м-нын негизги сырьёсу болуп, темир кенташтары м-н кокстуу көмүр эсептелет. Кенташты эритүүдө ж-а эришин тездетүүдө марганец кенташы колдонулат. Өндүрүлгөн металлга өзгөчө сапат берүү үчүн ар кандай кошулмалар керектелет. Темир кенташтары Россия (Урал, Сибирь), Украина (Кузбасс, Кривой Рог), Казакстан, АКШ, Германия, Англия, Францияда көп кездешет.
Ад.: Чёрная металлургия СССР. М., 1967; Казанец И. П. Чёрная металлургия на рубеже новой пятилетки. М., 1971.