КАРА-МАРТ (Сузак районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-МАРТ – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нун­дагы кыштак. Кыз-Көл айыл округуна караш­туу. Деңиз деңг. 1280 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 39 км түн.- чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 37 км. Калкы 3228 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Эки орто ж-а негизги мектеп, китеп­кана, мад-т үйү, бала бакча, оорукана, бейтап­кана ж. б. бар. Кыштактын аты «март өсүмдүгү көп» деген маанини билдирет.