КАРА-МАРТ (Сузак районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-МАРТ – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Кыз-Көл айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1280 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 39 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 37 км. Калкы 3201 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Эки орто ж-а негизги мектеп, китепкана, маданият үйү, бала бакча, оорукана, бейтапкана ж. б. бар. Кыштактын аты «март өсүмдүгү көп» деген маанини билдирет.