КАРА-КУЖУР МАРМАР КЕНИ
КАРА-КУЖУР МРА́МОР КЕНИ Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Сары-Булак кыш-нан 56 км чыгышта, Тескей Ала-Тоонун түш. капталындагы Кара-Кужур суусунун башталышында. 1973– 75-ж. геол. изилдөө жүргүзүлгөн. Кен аймагында протерозойдун ортосунда пайда болгон мраморлошкон ж-а доломиттешкен акиташ тегинин, графит сымал сланецтердин катмарлары жатат. Алардын жалпы калыңдыгы 2400– 3000 м. Мында кооз таш катары мрамордун 3 түрү кезигет: 1) бир өңчөй ак, майда бүртүкчөлүү доломиттешкен мрамор. Блоктуулугу 0,3–0,5 м3; 2) боз, агыш, кооз темгилдери бар орт. бүртүкчөлүү мрамор. Блоктуулугу 0,2–0,4 м3; 3) ак мрамор, арасында боз ж-а каралжын боз, жолжол, ичке темгилдүү, майда ж-а орт. бүртүкчөлүү түрлөрү бар. Блоктуулугу 0,1–0,3 м. Мрамордун 3 түрү тең жакшы сайкалданат, кооз көрүнөт. Запасы 40 млн м3. Имараттардын ички ж-а сырткы дубалдарын кооздоп каптоого жарайт.