КАРА-КӨЛ (Ноокат районундагы суу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КӨЛ – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы суу, Араван-Сайдын оң куймасы. Кичи Алай кырка тоосунун түн.-батыш капталынан агып түшөт. Уз. 41 км (Айыр-Ташты кошкондо), алабынын аянты 387 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. би­йикт. 2900 м. Айыр-Таш суусу Алтын-Казык тоо­сунун түш., Алай кырка тоосунун түн.-батыш капталынан башталган майда суулардан түзү­лүп, адегенде капчыгай аркылуу агып, кууш өрөөнгө чыгат. Ортоңку бөлүгүндө Косчан деп аталып, Жер-Арык суусу м-н кошулат да, К.-К-дү түзөт. Жылдык орт. чыгымы 3,86 м3/сек. Эң көбү июнда, эң азы февралда байкалат. Ири куймалары: Шанкол (сол), Жаңы-Сай, Жар- Коргон (оң) ж. б. Суусу Араван-Сайга жетпей сугат тармактарына бөлүнүп кетет. Жээгинде Алике, Жаңы-Баш, Кара-Баш ж. б. кыш. жай­гашкан. Өрөөндө суунун сугатка жетишсиздиги байкалууда.