КАРА-КӨЛ (Ноокат районундагы суу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КӨЛ – Ош облусунун Ноокат районундагы суу, Араван-Сайдын оң куймасы. Кичи Алай кырка тоосунун түндүк-батыш капталынан агып түшөт. Узундугу 41 км (Айыр-Ташты кошкондо), алабынын аянты 387 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо би­йиктиги 2900 м. Айыр-Таш суусу Алтын-Казык тоо­сунун түштүк, Алай кырка тоосунун түндүк-батыш капталынан башталган майда суулардан түзү­лүп, адегенде капчыгай аркылуу агып, кууш өрөөнгө чыгат. Ортоңку бөлүгүндө Косчан деп аталып, Жер-Арык суусу м-н кошулат да, Кара-Көлдү түзөт. Жылдык орточо чыгымы 3,86 м3/сек. Эң көбү июнда, эң азы февралда байкалат. Ири куймалары: Шанкол (сол), Жаңы-Сай, Жар- Коргон (оң) ж. б. Суусу Араван-Сайга жетпей сугат тармактарына бөлүнүп кетет. Жээгинде Алике, Жаңы-Баш, Кара-Баш ж. б. кыштактар жай­гашкан. Өрөөндө суунун сугатка жетишсиздиги байкалууда.