КАРА-КЕЧЕ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КЕЧЕ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарылык касиети бар минералдуу суу булактары. Нарын


обл-нун Жумгал р-нунда, Чаек кыш-нан 40 км түш. тарапта, Кара-Кече суусунун оң куймасы – Катраң-Сайдын боюнда, деңиз деңг. 3100 м би­йикте. 1947-ж. табылып, 1960–66-ж. изилден­ген. Булактар карбон мезгилиндеги акиташтан ж-а юранын көмүрлүү чопосунун чегиндеги тек­тон. жаракалардан агып чыгат. К.-К. м. с. көмүр кычкыл газдуу, тузсуз, аз минералдашкан муз­дак сууларга кирет. Суу тунук, жытсыз, газдуу, даамы кычкыл, темп-расы 3–4°С. Булактардын дебити 0,35–0,4 л/секдан 1,0–1,5 л/секга че­йин. Хим. курамы б-ча гидрокарбонат-сульфат­кальций-магнийлүү. Эриген түрүндөгү СО2нин өлчөмү 1568–2335 мг/л. Жалпы минералданы­шы 2,6480 г/л, кургак калдыгы 1,8110 г/л. Суу­нун дарылык касиети Кавказдагы көмүр кыч­кыл газдуу нарзан сууларынан кем эмес. Сууну жерг. эл ичеги-карын, ашказан ооруларын да­рылоо үчүн пайдаланат.