КАРА-КЕЧЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КЕЧЕ – Жумгал суусунун сол куймасы.
Уз. 45 км, алабынын аянты 184 км2. Молдо- Тоонун түн. капталынан башталып, түндүктү карай агат да, Жумгалга жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Жогорку агымында өрөөнү куушураак, төмөндөгөн сайын кеңийт. Чатында салаалар­га бөлүнүп, саздуу. Жылдык орт. чыгым 1,1– 1,5 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, азы декабрь– январда байкалат. Май айында кирип, сентябр­да тартылат.