КАРАКЕ
КАРАКЕ – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак. Т. Зулпуев атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1400 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 5 км чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 47 км. Калкы 1267 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет.