КАРА-КАМАН ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КАМАН ТООСУ Ички Теңир-Тоодо. Жы­луу-Суу (чыгышында) ж-а Кара-Кужур (баты­шында) сууларынын аралыгында субкеңдик ба­гытта жатат. Кара-Каман суусу аны экиге бөлөт. Уз. 56 км, туурасы 14 км, орт. бийикт. 3900 м, эң бийик жери 4343 м. Чардак-Суу ж-а Кара- Каман сууларынын өрөөндөрүнөн салыштырма­луу бийикт. 1000 м. К.-К. т. горст-мегантикли­налдык түзүлүштө. Неоген, төртүнчүлүк мезгил­деринде көтөрүлгөн. Батыш Кара-Камандын кап­талдары асимметриялуу: түн. капталы тик, кыска (2,5 км), түштүгү жазы (3–15 км), Чы­гыш Кара-Каман симметриялуу түзүлүштө. Тик капталдуу тепши сымал өрөөндөр арбын. Ба­йыркы тайпаң жондор 4000–4200 м, батышын­да 3600 м бийикте кездешет. Тепши сымал өрөөн­дөрдүн башы (түн. капталы) мөңгүлүү. Кар чеги­нин бийикт. 4000 мден өтөт. Негизинен проте­розойдун филлит, кумдук, алевролит, кварцтуу порфирит; соңку рифейдин гранит-диорит ж-а гранит тектеринен түзүлгөн. 3000–3500 м бийик­те кылканактуу-шыбактуу кургак талаа, 3500– 3800 мде субальп шалбаалуу талаа, 3800 мден жогору альп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.