КАРА-КАМАН ТООСУ
КАРА-КАМАН ТООСУ Ички Теңир-Тоодо. Жылуу-Суу (чыгышында) ж-а Кара-Кужур (батышында) сууларынын аралыгында субкеңдик багытта жатат. Кара-Каман суусу аны экиге бөлөт. Узундугу 56 км, туурасы 14 км, орточо бийиктиги 3900 м, эң бийик жери 4343 м. Чардак-Суу ж-а Кара- Каман сууларынын өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийиктиги 1000 м. Кара-Каман тоосу горст-мегантиклиналдык түзүлүштө. Неоген, төртүнчүлүк мезгилдеринде көтөрүлгөн. Батыш Кара-Камандын капталдары асимметриялуу: түндүк капталы тик, кыска (2,5 км), түштүгү жазы (3–15 км), Чыгыш Кара-Каман симметриялуу түзүлүштө. Тик капталдуу тепши сымал өрөөндөр арбын. Байыркы тайпаң жондор 4000–4200 м, батышында 3600 м бийикте кездешет. Тепши сымал өрөөндөрдүн башы (түндүк капталы) мөңгүлүү. Кар чегинин бийиктиги 4000 мден өтөт. Негизинен протерозойдун филлит, кумдук, алевролит, кварцтуу порфирит; соңку рифейдин гранит-диорит ж-а гранит тектеринен түзүлгөн. 3000–3500 м бийикте кылканактуу-шыбактуу кургак талаа, 3500–3800 мде субальп шалбаалуу талаа, 3800 мден жогору альп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.