КАРАКАЛПАКТАР
КАРАКАЛПАКТАР – Өзбекстандын түн.-батышындагы түрк тилдүү эл; Каракалпакстандын жерг. калкы. Өзбекстанда (500 миңден ашык 2008), о. эле Россия (1,6 миң), Түркмөнстан, Казакстан, Кырг-н ж-а Афганстанда (2,3 миң) да жашайт. Каракалпак тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери мусулман-сунниттер. К-дын түпкү тегине Арал деңизинин түш. жээгинде жашаган сак-массагет уруулары (б. з. ч. 7–2-к.), хунндар, түрк уруулары (6–8-к.) аралашкан. К. огуз ж-а печенег элдеринин ичинде (8–10-к.) калыптанган. К-дын этногенезине ногойлор да таасирин тийгизген (14–15-к.). 1873-жылдан Россиянын курамында. К-тар мал чарбачылык, дыйканчылык м-н кесиптенишип, дубалы топурактан согулган үйлөрдө ж-а боз үйдө жашаган. Салттуу кийимдери улуу муундарда сакталып
калган. Эркектери көйнөгүн шымдын сыртына
чыгарып, шымынын багалегин өтүктүн ичине салып, үстүнө чепкен, кышында тон ж-а көрпөдөн тигилген баш кийим кийип, белине жоолук же белбоо байланган. Аялдары (жаштар ачык, улгайгандар ак же боз, жесир аялдар көк түстүү) узун көйнөк, ыштан, кемсел кийип, башына топунун үстүнө баш ороо оронгон. Кызкелиндери, зайыптары бетин жапкан эмес. Баш кийимдин үстүнөн жегде жамынып, кооздуктарды тагынган. Тамак-ашы – негизинен дан, сүт
(айран, каймак, курут), балык азыктары ж-а жашылча, жер-жемиштер.