КАРАКАЛПАКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКАЛПАКТАР – Өзбекстандын түндүк-баты­шындагы түрк тилдүү эл; Каракалпакстандын жергиликтүү калкы. Өзбекстанда (500 миңден ашык 2008), ошондой эле Россия (1,6 миң), Түркмөнстан, Ка­закстан, Кыргызстан ж-а Афганстанда (2,3 миң) да жашайт. Каракалпак тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери мусулман-сунниттер. Каракалпактардын түпкү тегине Арал деңизинин түштүк жээгинде жаша­ган сак-массагет уруулары (б. з. ч. 7–2-кылымдар), хунн­дар, түрк уруулары (6–8-кылымдар) аралашкан. Каракалпактар огуз ж-а печенег элдеринин ичинде (8–10-кылымдар) калып­танган. Каракалпактардын этногенезине ногойлор да тааси­рин тийгизген (14–15-кылымдар). 1873-жылдан Россия­нын курамында. Каракалпактар мал чарбачылык, дый­канчылык м-н кесиптенишип, дубалы топурак­тан согулган үйлөрдө ж-а боз үйдө жашаган. Салттуу кийимдери улуу муундарда сакталып калган. Эркектери көйнөгүн шымдын сыртына чыгарып, шымынын багалегин өтүктүн ичине салып, үстүнө чепкен, кышында тон ж-а көрпө­дөн тигилген баш кийим кийип, белине жоо­лук же белбоо байланган. Аялдары (жаштар ачык, улгайгандар ак же боз, жесир аялдар көк түстүү) узун көйнөк, ыштан, кемсел кийип, ба­шына топунун үстүнө баш ороо оронгон. Кыз-­келиндери, зайыптары бетин жапкан эмес. Баш кийимдин үстүнөн жегде жамынып, кооздуктар­ды тагынган. Тамак-ашы – негизинен дан, сүт (айран, каймак, курут), балык азыктары ж-а жашылча, жер-жемиштер.