КАРАЙЫМДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАЙЫМДАР (өздөрүн карайлар деп ата­шат) – Украина (Крымда 1200), Россия (Москва ж-а Санкт-Петербургда 366), Литва (300), Поль­ша (45), Израилде (20 миң) жашаган аз сандагы эл (2002). Карайым тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – карайым дининде. К. – Хазар кагандыгына кирген түрк урууларынын укум­тукумдары. 10-к-да Хазар хандыгын Киев княз­дыгы талкалаган соң, К. Крым аймагында ка­лышкан. 14-к-да Крым хандыгынын борбору – Солхатта, о. эле Чуфут-Кала ш-нда К. жамаат­тары болгон. 14-к-дын аягында К. Улуу Литва княздыгынын туткундары катары Литвага, Ук­раинанын бат ыш аймактарына көчүрүлгөн. Крым (1783) ж-а Вильнанын (1795) Россия им­периясынын курамына кириши м-н К-дын аба­лы өзгөргөн. 1795-ж. Екатерина II Россияда жа­шаган К-ды салыктан бошотуп, жер менчикте­рин алууга уруксат берген. К. дыйканчылык м-н кесиптенишип, туз кендерин пайдаланышкан.