КАРАЙЫМДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАЙЫМДАР (өздөрүн карайлар деп ата­шат) – Украина (Крымда 1200), Россия (Москва ж-а Санкт-Петербургда 366), Литва (300), Поль­ша (45), Израилде (20 миң) жашаган аз сандагы эл (2002). Карайым тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – карайым дининде. Карайымдар – Хазар кагандыгына кирген түрк урууларынын укум­-тукумдары. 10-кылымда Хазар хандыгын Киев княз­дыгы талкалаган соң, карайымдар Крым аймагында ка­лышкан. 14-кылымда Крым хандыгынын борбору – Солхатта, ошондой эле Чуфут-Кала шаарында карайымдар жамаат­тары болгон. 14-кылымдын аягында карайымдар Улуу Литва княздыгынын туткундары катары Литвага, Ук­раинанын батыш аймактарына көчүрүлгөн. Крым (1783) ж-а Вильнанын (1795) Россия им­периясынын курамына кириши м-н карайымдардын аба­лы өзгөргөн. 1795-жылы Екатерина II Россияда жа­шаган карайымдарды салыктан бошотуп, жер менчикте­рин алууга уруксат берген. Карайымдар дыйканчылык м-н кесиптенишип, туз кендерин пайдаланышкан.