КАРА-ЖЫГАЧ (Токтогул районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ЖЫГАЧ , К ы з ы л - Ж а з ы – Жалал- Абад обл-нун Токтогул р-нундагы кыштак. А. Сүйөркулов атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 960 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Токтогул шаарчасынан 35 км чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 165 км аралыкта. Кыштак 1936-ж. негизделген. Калкы 2491 (2007); негизинен мал м-н алекте­нет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча бар. Тамактануу жайлары, соода түйүндөрү иштейт.