КАРА-ЖЫГАЧ (Токтогул районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-ЖЫГАЧ , К ы з ы л - Ж а з ы – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. А. Сүйөркулов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 960 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 35 км чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 165 км аралыкта. Кыштак 1936-ж. негизделген. Калкы 3186 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча бар. Тамактануу жайлары, соода түйүндөрү иштейт.