ИСМАИЛОВ Бактыбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:46, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСМАИЛОВ Бактыбек Искакович (31. 1. 1947- жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Саруу айылы) – физик, техника илимдеринин доктору (2005), профессор (2006). Москва энергетика институтун (1971) ж-а анын аспирантурасын (1977) бүтүргөн. 1971– 72-ж. СССР ИАнын Фрунзедеги космостук изил­дөөлөр институтунун Өзгөчө конструктордук бюро­сунда инженер, ФПИде окутуучу, улук окутуу­чу, КТУда декан (1973–92); «Кыргызтехникабор­бор» АКтын генералдык директору, «Нарк» ЖЧКсынын директору (1993–96); КТУда доцент, профессор(1997), 1999-жылдан КРдин Билим берүү ж-а илим министрлигинин алдындагы Лицен­зиялоо ж-а аккредитациялоо (аттестациялоо) болюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы. Радио­электрондук түзүлүштөр боюнча адис. 70тен ашуун илимий ж-а методикалык эмгеги, 1 монографиясы жарык көргөн. Россия Федерациясынын коомчулук комитетинин Ло­моносов ордени м-н сыйланган (2008).

Эмг.: Обобщенная структура радиоэлектронных устройств. «Управление качеством РЭА и роботех­ника». М., 1989; Автоматизация выбора оптималь­ных решений. Б., 2003.