ИСМАИЛОВ Бактыбек
ИСМАИЛОВ Бактыбек Искакович (31. 1. 1947- жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Саруу айылы) – физик, техника илимдеринин доктору (2005), профессор (2006). Москва энергетика институтун (1971) ж-а анын аспирантурасын (1977) бүтүргөн. 1971– 72-жылдарда СССР ИАнын Фрунзедеги космостук изилдөөлөр институтунун өзгөчө конструктордук бюросунда инженер, ФПИде окутуучу, улук окутуучу, КТУда декан (1973–92); «Кыргызтехникаборбор» АКтын генералдык директору, «Нарк» ЖЧКсынын директору (1993–96); КТУда доцент, профессор (1997), 1999-жылдан КРдин билим берүү ж-а илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо ж-а аккредитациялоо (аттестациялоо) болюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы. Радиоэлектрондук түзүлүштөр боюнча адис. 70тен ашуун илимий ж-а методикалык эмгеги, 1 монографиясы жарык көргөн. Россия Федерациясынын коомчулук комитетинин Ломоносов ордени м-н сыйланган (2008).
Эмг.: Обобщенная структура радиоэлектронных устройств. «Управление качеством РЭА и роботехника». М., 1989; Автоматизация выбора оптимальных решений. Б., 2003.