ИСАЕВ Акыбай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ИСАЕВ 1 to ИСАЕВ Акыбай) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАЕВ Акыбай (12. 2. 1932, Ысык-Көл р-ну, Бостери кыштагы – 18. 11. 1999, Бишкек) – гео­графия илимдеринин доктору (1989), профессор (1990). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1985). Кыргызстан педагогика институтун бүтүргөн (1953). 1953–55-жылдарда Кыргыз ССР пландоо комитетинде ага экономист болуп эмгектенген. 1955–58-жылдарда КМУнун геогра­фия факультетинде окутуучу, 1961–65-жылдарда Кыргыз ССР ИАда кенже, ага илимий кызматкер. 1965–87-жылдарда КМУнун география факультетинин деканы, 1987-жыл­дан өмүрүнүн акырына чейин география ж-а туризм кафедрасынын башчысы болуп эмгек­тенген. Исаев 115тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография, анын экөө авторлош) автору. «Кыр­гызстандын географиясы» окуу китеби (автор­лош) үчүн КРдин илим ж-а техника жаатында мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000). Илимий изилдөөлөрү республикада техникалык өсүмдүктөрдүн өсүшү ж-а аларды сарамжалдуу пайдалануу, агрардык өнөр жай комп­лексинин аймактык жактан уюштурулушу, та­бигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу ж-а коргоо ж. б-га арналган.