ИСАЕВ Акыбай
ИСАЕВ Акыбай (12. 2. 1932, Ысык-Көл району, Бостери кыштагы – 18. 11. 1999, Бишкек) – география илимдеринин доктору (1989), профессор (1990). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1985). Кыргызстан педагогика институтун бүтүргөн (1953). 1953–55-жылдарда Кыргыз ССР пландоо комитетинде ага экономист болуп эмгектенген. 1955–58-жылдарда КМУнун география факультетинде окутуучу, 1961–65-жылдарда Кыргыз ССР ИАда кенже, ага илимий кызматкер. 1965–87-жылдарда КМУнун география факультетинин деканы, 1987-жылдан өмүрүнүн акырына чейин география ж-а туризм кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген. Исаев 115тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография, анын экөө авторлош) автору. «Кыргызстандын географиясы» окуу китеби (авторлош) үчүн КРдин илим ж-а техника жаатында мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000). Илимий изилдөөлөрү республикада техникалык өсүмдүктөрдүн өсүшү ж-а аларды сарамжалдуу пайдалануу, агрардык өнөр жай комплексинин аймактык жактан уюштурулушу, табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу ж-а коргоо ж. б-га арналган.