КАЛМАТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАТОВ Абдисапа (30. 5. 1970-ж. т., азыр­кы Баткен обл., Баткен ш.) – скульптор, КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лау­реаты (2002). Кыргыз мамл. сүрөт көркөм иск­во коллежин (1996), Т. Садыков атн. Улуттук көркөм сүрөт академиясын бүткөндөн (1997) ушул академияда окутуучу. Бишкектеги Ч. Айт­матов атн. паркта жайгашкан ачык асман ал­дындагы эл аралык музейдеги «Ойлонуу» аттуу эмгеги респ. мамл. сыйл. татыган. Анын «Хан- Чоро», «Асман», «Кожомкул», «Аткыч», «Кү­рөш» ж. б. эмгектери белгилүү. Эл аралык көр­гөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарды ээле­ген.