КАЛМАТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАТОВ Абдисапа (30. 5. 1970-жылы туулган, азыр­кы Баткен облусу, Баткен шаары) – айкелчи, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лау­реаты (2002). Кыргыз мамлекеттик сүрөт көркөм искусст­во коллежин (1996), Т. Садыков атындагы улуттук көркөм сүрөт академиясын бүткөндөн (1997) ушул академияда окутуучу. Бишкектеги Ч. Айт­матов атындагы паркта жайгашкан ачык асман ал­дындагы эл аралык музейдеги «Ойлонуу» аттуу эмгеги республикалык мамлекеттик сыйлыкка татыган. Анын «Хан-Чоро», «Асман», «Кожомкул», «Аткыч», «Кү­рөш» жана башка эмгектери белгилүү. Эл аралык көр­гөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарды ээле­ген.