КАРА БУУДАЙ
КАРА БУУДАЙ (Secale) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир ж-а көп жылдык чөп. К. б-дын 13 (жапайы ж-а эгилме) түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 5 түрү кезигет. Кичи ж-а Борб. Азия, Иран, Афганстан, Закавказье ж-а Африканын түштүгүндө өсөт; 1 түрү буудайдын отоо чөбү катары Кавказ, Кичи ж-а Борб. Азияда белгилүү; эгилме 1 түрү Түн. Жарым шардагы өлкөлөрдө өстүрүлөт. К. б-дын мекени – Кавказ, Кичи ж-а Борб. Азия. КМШ өлкөлөрүндө негизинен РФте (70%), Украинада (12%), о. эле Балтика боюндагы респ-каларда, Казакстан, Грузияда эгилет. К. б-дын күздүк ж-а жаздык сорттору бар. Күздүк сорту көп эгилет. Тамыры негизинен топурактын үстүнкү катмарында жайгашкан, айрымдарыныкы 2 м тереңдикке чейин жетет. Сабагы көңдөй, бийикт. 110–180 см, 6–7 муунактуу. Топ гүлү – татаал машак, эки жыныстуу. Даны кабыксыз, түсү көк, боз, кээде күрөң же сары. Күздүк К. б-дын вегетация мезгили 120–150 күнгө созулат. Үрөнү 1–2°С жылуулукта өнүп, 4–5°Сде өсүп чыгат. К. б. суукка ж-а кургакчылыкка байымдуу. Башка эгиндерге караганда топуракты көп тандабайт. Бирок кара топурактуу жерде мол түшүм берет. Данында 18,0%и белок, 69,1%и углевод, 1,8%и май, В , В , Е, РР витаминдери ж-а А провитамини бар. Уну нанга, акшагы ж-а улпагы жем катары пайдаланылат, о. эле спирт ж-а крахмал өндүрүшүнө жумшалат. Наны жыттуу, жегиликтүү, сиңимдүү келет. К. б. көк кезинде сапаттуу тоют катары, саманы кагаз, целлюлоза ж. б. жасоого жумшалат, малга төшөлөт. Жапайы түрү селекция ишинде колдонулат. К. б. м-н буудайды аргындаштырып, сапаттуу тритикале гибриди алынган. Кырг-нда чыгарылган Кыргыз 1 сорту Ош обл-нда, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, ал эми буудай-К. б. гибриди – Немига нүндө тоют катары айдалат.
Ад.: Тиунов А. Н. и др. Рожь. М., 1972; Справочник по апробации и основам семеноводства зерновых и зернобобовых культур. Ф., 1986.
1 2