КАРА БУУДАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА БУУДАЙ (Secale) – дан өсүмдүктөр туку­мундагы бир ж-а көп жылдык чөп. Кара буудайдын 13 (жапайы ж-а эгилме) түрү белгилүү. КМШ өлкө­лөрүндө 5 түрү кезигет. Кичи ж-а Борбордук Азия, Иран, Афганстан, Закавказье ж-а Африканын түштүгүндө өсөт; 1 түрү буудайдын отоо чөбү ка­тары Кавказ, Кичи ж-а Борбордук Азияда белгилүү; эгилме 1 түрү Түндүк Жарым шардагы өлкөлөрдө өстүрүлөт. Кара буудайдын мекени – Кавказ, Кичи ж-а Борбордук Азия. КМШ өлкөлөрүндө негизинен РФте (70%), Украинада (12%), ошондой эле Балтика боюн­дагы республикаларда, Казакстан, Грузияда эгилет. Кара буудайдын күздүк ж-а жаздык сорттору бар. Күздүк сорту көп эгилет. Тамыры негизинен топурак­тын үстүнкү катмарында жайгашкан, айрым­дарыныкы 2 м тереңдикке чейин жетет. Сабагы көңдөй, бийиктиги 110–180 см, 6–7 муунактуу. Топ гүлү – татаал машак, эки жыныстуу. Даны ка­быксыз, түсү көк, боз, кээде күрөң же сары. Күздүк кара буудайдын вегетация мезгили 120–150 күнгө созулат. Үрөнү 1–2°С жылуулукта өнүп, 4–5°Сде өсүп чыгат. Кара буудай суукка ж-а кургакчылыкка байымдуу. Башка эгиндерге караганда топурак­ты көп тандабайт. Бирок кара топурактуу жер­де мол түшүм берет. Данында 18,0%и белок, 69,1%и углевод, 1,8%и май, В , В , Е, РР вита­миндери ж-а А провитамини бар. Уну нанга, акшагы ж-а улпагы жем катары пайдаланы­лат, ошондой эле спирт ж-а крахмал өндүрүшүнө жум­шалат. Наны жыттуу, жегиликтүү, сиңимдүү ке­лет. Кара буудай көк кезинде сапаттуу тоют катары, саманы кагаз, целлюлоза ж. б. жасоого жум­шалат, малга төшөлөт. Жапайы түрү селекция ишинде колдонулат. Кара буудай м-н буудайды аргын­даштырып, сапаттуу тритикале гибриди алын­ган. Кыргызстанда чыгарылган Кыргыз 1 сорту Ош облусунда, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, ал эми буу­дай-кара буудай гибриди – Немига 2 Ысык-Көл өрөөнүндө тоют катары айдалат.


Ад.: Тиунов А. Н. и др. Рожь. М., 1972; Справочник по апробации и основам семеноводства зерновых и зернобобовых культур. Ф., 1986.