КАРА-БУЛУҢ АРАШАН СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БУЛУҢ АРАШАН СУУСУ – Ысык-Көл обл-нын Жети-Өгүз р-нунда, Кызыл-Суу кыш-нан 15 км түн.-батышта, Кара-Булуң ж. а-нда жай­гашкан. 1975–81-ж. чалгындалып, запасы бе­китилген. Ысык суу неоген мезгилинин Чүй сви­тасындагы катмарлар м-н байланыштуу. Бур­гулоо көзөнөгү аркылуу 1770–1960 м тереңдик­тен агып чыгат. Суунун жер үстүнөн болгон ста­тикалык деңгээли 12–30 м бийикке жетет. Бур­гулоо көзөнөктөрүнүн дебити 5–21 л/сек, суу­нун темп-расы 39–50°С. Суу аз минералдашкан (0,4–1,20 г/л) ж-а начар жегичтүү (рН 8,1–8,7). Хим. курамы б-ча гидрокарбонат-хлорлуу, хлор­гидрокарбонаттуу, хлорлуу, натрийлүү. Сууга түшүү жолу м-н ооруларды дарылоого жарам­дуу. Запасы А категориясы б-ча 3154 м3/сут.