КАРА-БУЛУҢ АРАШАН СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БУЛУҢ АРАШАН СУУСУ – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Кызыл-Суу кыштагынан 15 км түндүк-батышта, Кара-Булуң жарым аралында жай­гашкан. 1975–81-жылдарда чалгындалып, запасы бе­китилген. Ысык суу неоген мезгилинин Чүй сви­тасындагы катмарлар м-н байланыштуу. Бур­гулоо көзөнөгү аркылуу 1770–1960 м тереңдик­тен агып чыгат. Суунун жер үстүнөн болгон ста­тикалык деңгээли 12–30 м бийикке жетет. Бур­гулоо көзөнөктөрүнүн дебити 5–21 л/сек, суу­нун температурасы 39–50°С. Суу аз минералдашкан (0,4–1,20 г/л) ж-а начар жегичтүү (рН 8,1–8,7). Химиялык курамы боюнча гидрокарбонат-хлорлуу, хлор­гидрокарбонаттуу, хлорлуу, натрийлүү. Сууга түшүү жолу м-н ооруларды дарылоого жарам­дуу. Запасы А категориясы боюнча 3154 м3/сут.