КАРАБОТО БИЙ
КАРАБОТО БИЙ - кытай уруусунун18-к-дагы бийи. Кытай жазма даректери б-ча Маматкул бийдин жардамчысы ж-а кыргыздарды 18-к-дын 2-жарымында Кетмен-Тѳбѳдѳн Талас, Чүй ѳрѳѳ- нүнѳ кѳчүрүүгѳ (к. Кыргыздардын Чуйгѳ келиши) демилге кѳтѳргѳндѳрдүн бири. 1758-ж. Таласка кѳчүп келген кытай уруусун бийлеп, 1200 түтүнү м-н Ак-Дѳбѳдѳ турган. Орус архив маалыматтары б-ча 1764-ж. кышында Түркстан аймагындагы К. б-дин айылына Орто жүз казактарынын султаны Абылпейиз кол салса, 1766-ж. Абылай султан колунан катуу жабыр кѳрүп, бир баласын ж-а 9 (7) түтүндү казактарга аманат берүүгѳ аргасыз болгон. Санжыраларда Маматкул бий м-н бугулардын (Тогузбайдын) айылын айыпка жыгып, олжого бир кыз алганы ж-а андан Асан, Үсѳн аттуу эгиз балалуу болгону ж-дѳ баяндар бар.
Ад.: Казахско-русские отношение в XVI-XVIII веков
(Сб. документов и материалов). А., 1961; Материалы
по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2. Б., 2003.