КАРА БЕДЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА БЕДЕ (Medicago Tianshanica) – өсүмдүк­төрдүн чанактуулар тукумундагы көп жылдык чөп. Тамыры жоон, эң терең кетет. Сабагы 40– 80 см ге жетет, жыш жалбырактуу. Топ гүлү чачы, 10–25 гүлдү камтыйт. Чөйчөкчөсү түктүү, желекчесинин түсү көк, кызгылт көк, саргыч, ак, жашыл сымак ж. б., мөмөсү – чыйралган чанак. Уругу сары. Июлда, августта гүлдөйт, август, сентябрда мөмө байлайт. Борб. Азияда, Казакстанда, Кырг-нда Талас, Чаткал, Фергана, Алайда кеңири таралган. Батыш Тянь-Шандын кара топурактуу, күрөң топурактуу суу жээкте­ринде, субальп алкагындагы токой-чер арасын­да өсөт. Анын дагы бир түрчөсү Жалал-Абад обл­нун Кара-Алма аймагынан табылган. К. б. баа­луу тоют. Сабагы бийик, жалбырагы жыш, топу­рак тандабай өсөт, аязга, кургакка чыдамдуу.