КАРА-БАТКАК ОФИКАЛЬЦИТ КЕНИ
КАРА-БАТКАК ОФИКАЛЬЦИТ КЕНИ Ысык- Көл обл-нын Жети-Өгүз р-нунда, Кызыл-Суу кыш-нан 28 км түш. тарапта, Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы Чоң Кызыл-Суу өрөөнүнүн төрүндө. Кен аймагында протерозойдун акиташ теги, сланец, кварцит сыныкчаларынан турган морена орун алган. Мында туурасы 20– 40 м, уз. 400 м аянтта моренанын 8–10%ин түзгөн офикальцит койташтары, 0,8 м шагылдары кездешет. Офикальцит кооз келип, кызгылтым боз, күңүрт жашыл түстө. Жакшы сайкалданат. Запасы 100 м3. Кооз буюмдарды жасоого болот.