КАПТАЛ
КАПТАЛ , т о о к а п т а л ы – кургактыктагы (тоо, дөңсөө, өрөөн капталдары ж. б.), о. эле, океан, деңиз түптөрүндөгү (суу астындагы) тоолордун, дөңсөөлөрдүн капталдары, материктик каптал, ички ж-а сырткы күчтөрдүн натыйжасында пайда болгон жантайыңкы жер, бет. К-дын турпаты ал жерди түзүп жаткан тоо тектердин курамына ж-а түзүлүшүнө, абс. ж-а салыштырмалуу бийиктигине, К. процесстеринин ургаалдуулугуна, климат, өсүмдүк ж. б. табигый чөйрөнүн компоненттеринин өзгөчөлүктөрүнө, К. экспозицияларына байланыштуу болот. К. түз, дөмпөйгөн, кайкылуу (ичин көздөй чуңкурайган), татаал түзүлүштүү, тепкичтүү түрлөрү бар. К-дын формасынын түрү аны түзүп турган тоо тектердин туруктуулугуна жараша болот. Рельефти пайда кылуу мүнөзүнө карата К-да кар көчкү, жер көчкү, солифлюкция, делювий, эрозиялык ж. б. процесстер жүрөт. «К.» термининин бет, боор, дөш, төш, кадуу сыяктуу синонимдери да бар. Топонимдин бир компоненти катары да кездешет. Мис., Каптал-Арык ж. б.