КАПТАЛ
КАПТАЛ , т о о к а п т а л ы – кургактыктагы (тоо, дөңсөө, өрөөн капталдары ж. б.), ошондой эле, океан, деңиз түптөрүндөгү (суу астындагы) тоолордун, дөңсөөлөрдүн капталдары, материктик каптал, ички ж-а сырткы күчтөрдүн натыйжасында пайда болгон жантайыңкы жер, бет. Капталдын турпаты ал жерди түзүп жаткан тоо тектердин курамына ж-а түзүлүшүнө, абсолюттук ж-а салыштырмалуу бийиктигине,каптал процесстеринин ургаалдуулугуна, климат, өсүмдүк ж. б. табигый чөйрөнүн компоненттеринин өзгөчөлүктөрүнө, каптал экспозицияларына байланыштуу болот. Каптал түз, дөмпөйгөн, кайкылуу (ичин көздөй чуңкурайган), татаал түзүлүштүү, тепкичтүү түрлөрү бар. Капталдын формасынын түрү аны түзүп турган тоо тектердин туруктуулугуна жараша болот. Рельефти пайда кылуу мүнөзүнө карата капталда кар көчкү, жер көчкү, солифлюкция, делювий, эрозиялык ж. б. процесстер жүрөт. «Каптал» термининин бет, боор, дөш, төш, кадуу сыяктуу синонимдери да бар. Топонимдин бир компоненти катары да кездешет. Мисалы, Каптал-Арык ж. б.