КАПКАН
КАПКАН – аңчылык куралы. Териси баалуу айбандарды, жырткычтарды (мис., карышкыр, түлкү ж. б.) ж-а а. ч. зыянкечтерин (чычкан ж. б.) кармоого ылайыкталып жасалган. К-дын чарыш жиби м-н кийизин аң уулоочу жаныбар басканда тээк тайып, жаактын серпилгич күчү м-н кош серпөөрү кыймылга келип, чоңураак

аңдын бутунан, кичирээктерин белинен да чаап калат. К-ды б. з. 1–8-к-нда эле хунн-түрк уруулары пайдаланган. К. салган, аны м-н аңчылык кылган адам капканчы деп аталат. К-дын эң алгачкы, өтө жөнөкөй түрү – ор К. Жаныбар өтүүчү жолго терең аң казылып, үстү билинбегендей кылып чырпык, чөп-чар м-н жабылган; таш К. жалпак таштын үстүнө экинчи жалпак ташты сөөмдөй жыгачка жөлөп (тээктеп) койгон, ага байланган жемди тиштеп тартып алганда, үстүңкү жалпак таш тээктен тайып, жем жегени жаткан жаныбарды басып калган; жуткуур К. суу түбүнөн кундуз кармоо үчүн колдонулган. О. эле темир К. жаагына карата: сыңар же жалгыз жаак К., кош жаак К.; жаныбарга карата аюу К., карышкыр К., суур К. ж. б. К-дын бүткүл тетиктерин бириктирген эң астыңкы тегерек жалпак темири – чара, кош серпөөрдү кыймылга келтирүүчү серпилгич кош кат темири – жаак, жаак жогору серпкенде чабылып, аңды кармап калуучу жаа түрүндөгү тиштүү ж-а тишсиз бөлүгү серпөөр, ал эми К-дын жаагын бут же кол м-н кысып, серпөөрүн ачып, аны ошол абалында кармап туруучу кошоктолгон кош жыгач тээк деп аталат. Мындан тышкары К-дын тээк жип же чарыш, кийиз, айлампа, чынжыр, казык, токмок сыяктуу бөлүктөрү болот. Учурда да К. мергенчиликте кеңири колдонулат.