КАПКАН
КАПКАН – аңчылык куралы. Териси баалуу айбандарды, жырткычтарды (мисалы, карышкыр, түлкү жана башкалар) жана айыл чарба зыянкечтерин (чычкан жана башкалар) кармоого ылайыкталып жасалган. Капкандын чарыш жиби менен кийизин аң уулоочу жаныбар басканда тээк тайып, жаактын серпилгич күчү менен кош серпөөрү кыймылга келип, чоңураак аңдын бутунан, кичирээктерин белинен да чаап калат. Капканды биздин замандын I–VIII кылымдарында эле хунн-түрк уруулары пайдаланган.

Капкан салган, аны менен аңчылык кылган адам капканчы деп аталат. Капкандын эң алгачкы, өтө жөнөкөй түрү – ор капкан. Жаныбар өтүүчү жолго терең аң казылып, үстү билинбегендей кылып чырпык, чөп-чар менен жабылган; таш капкан жалпак таштын үстүнө экинчи жалпак ташты сөөмдөй жыгачка жөлөп (тээктеп) койгон, ага байланган жемди тиштеп тартып алганда, үстүңкү жалпак таш тээктен тайып, жем жегени жаткан жаныбарды басып калган; жуткуур капкан суу түбүнөн кундуз кармоо үчүн колдонулган. Ошондой эле темир капкан жаагына карата: сыңар же жалгыз жаак капкан, кош жаак капкан; жаныбарга карата аюу капкан, карышкыр капкан, суур капкан жана башкалар. Капкандын бүткүл тетиктерин бириктирген эң астыңкы тегерек жалпак темири – чара, кош серпөөрдү кыймылга келтирүүчү серпилгич кош кат темири – жаак, жаак жогору серпкенде чабылып, аңды кармап калуучу жаа түрүндөгү тиштүү жана тишсиз бөлүгү серпөөр, ал эми капкандын жаагын бут же кол менен кысып, серпөөрүн ачып, аны ошол абалында кармап туруучу кошоктолгон кош жыгач тээк деп аталат. Мындан тышкары капкандын тээк жип же чарыш, кийиз, айлампа, чынжыр, казык, токмок сыяктуу бөлүктөрү болот. Учурда да капкан мергенчиликте кеңири колдонулат.