КАПИЦА
КАПИ́ЦА Пётр Леонидович [26. 6 (8. 7). 1894, Кронштадт – 8. 4. 1984, Москва] – сов. физик, СССР ИАнын академиги (1939; корр. мүчөсү, 1929), эки жолку Соц. Эмг. Баатыры (1945, 1974).

Эки жолк у СССР мамл. сыйл. лауреаты (1941; 1943). 1957-жылдан СССР ИАнын Президиумунун мүчөсү. Петроград политех. ин-тун бүтүрүп (1918), ошол эле жерде иштеген. К. 1921-ж. Англияда Э. Резерфорддун жетекчилиги м-н ил. из. иштерин жүргүзгөн. 1924–32-ж.
Кавендиш лабор-сынын директорунун орун басары, 1930–34-ж. Кембриждеги Монд лабор-сынын директору, 1955-жылдан СССР ИАда өзү негиздеген Физ. проблемалар ин-тунун директору. Москва физика-тех. ин-тунун проф. (1947). 1928-ж. бир катар металлдардын электр каршылыктарынын күчтүү магнит талаасынын чыңалышына (Капица закону) сызыктуу көз карандылыгын ачкан. 1934-ж. адиабаталык метод м-н гелий суюлткучту түзгөн. 1939-ж. газ ж-а суюк абалдагы суутекти көп санда алууга мүмкүндүк берген төмөнкү басым циклинин жардамы м-н абаны суюлтуунун жаңы методун иштеп чыккан. 1938-ж. суюк гелийдин өтө агуучулугун ачкан. 1950–55-ж. жогорку кубаттуулуктагы генератор иштеп чыгып, газ разрядында плазма
агымынын бар экендигин байкаган. 1955-жылдан «Эксперименттик жана теориялык физика» журналынын башкы редактору. Лондон королдук коомунун (1929), АКШ улуттук ИАнын (1946), Дания королдук ИАнын (1946), Польша ИАнын (1963) ж. б. чет элдик академиялар м-н ил. коомдордун мүчөсү. Беш Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Электроника больших мощностей. М., 1962; Жизнь для науки. М., 1965; Теория, эксперимент, практика. М., 1966; Физические задачи, М., 1972.
Cоllected papers. Охf., N. Y., 1964–67. V. 1–3.
Ад.: [К 100-летию со дня рождения П. А. Капицы]
// Успехи физических наук. 1994. Вып. 12; Боровик- Романов А. С. П. Л. Капица: Воспоминания. Письма. Документы. М., 1994.