КАНЫККАН ЭРИТМЕЛЕР
КАНЫККАН ЭРИТМЕЛЕР - белгилүү шартта (темп-ра, басым) эриген зат м-н тең салмакта болгон эритмелер. Бир-биринде эрүүчү заттардыш эрүү процесси К. э. пайда болгонго чейин жүрѳт. Эритменин концент-сы эриген заттыш ж-а эриткичтин табиятына, темп-рага ж-а басымга кѳз каранды. Катуу заттар эригенде, бир эле компоненттин ар түрдүү катуу фазалары ар түрдүү концент-дагы кашыккан эритмени пайда кылат. Берилген шартта эриген зат м-н эритменин ортосунда туруктуу тең салмактуулук пайда болбой, эритме дагы кандайдыр бир сандагы затты эрите алса, мындай эритмелер к а н ы к п аг а н эритмелер деп аталат.