КАНЦЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́НЦЛЕР (нем. Kanzler) – 1) о. кылымда Евро­панын феодалдык өлкөлөрүндөгү королдук кан­целярия м-н архивди башкаруучу жогорку кыз­маттагы адам; 2) падышалык Россияда мамл.
К. – жогорку жарандык чин. 1722-ж. рангдар ж-дөгү табель б-ча К. генерал-фельдмаршалдын чинине туура келген; 3) Германияда (1871–1945) рейхсканцлер – өкмөт башчысы (1934-жылдан мамлекет башчысынын укугун да ээлеген); 4) ГФР м-н Австрияда федералдык К. – өкмөт башчысы; 5) Улуу Британияда казыначы К. – финансы министри, лорд-К. – лорддор палата­сынын төрагасы; 6) Швейцарияда Союз К-и – бийлик ж-а башкаруу органдарынын секрета­риатынын жетекчиси.