КАНТ ЦЕМЕНТ-ШИФЕР КОМБИНАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНТ ЦЕМЕНТ-ШИФЕР КОМБИНАТЫ – Кант ш-нда жайгашкан ө. ж. ишканасы; 1996-жыл­дан ачык акционердик коом. 1964-ж. алгачкы цемент алынган. Комбинатта бир жыл ичинде 5 мештин курулушу бүткөрүлүп, суткасына 2600 т цемент өндүрүлгөн. 16500 м2 аянтка тү­түк-шифер өндүрүшүнүн курулушу башталып, 1967-ж. декабрда алгачкы шифер чыгарылган. Эки жылдын ичинде курулган имаратка жы­лына 116 млн такта шифер жасоочу үч технол. линия монтаждалган. 1968-ж. жалпы кубаттуу­лугу жылына 960 км түтүк жасоочу технол. линия пайдаланууга берилген. 1978-ж. шифер­дин эки түрүнө Сапат белгиси ыйгарылган. Це­мент чыгарууну көбөйтүү үчүн 1974-жылдан тар­тып мештер реконструкцияланган.