КАНТ ЦЕМЕНТ-ШИФЕР КОМБИНАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНТ ЦЕМЕНТ-ШИФЕР КОМБИНАТЫ – Кант шаарында жайгашкан өнөр жай ишканасы; 1996-жыл­дан ачык акционердик коом. 1964-жылы алгачкы цемент алынган. Комбинатта бир жыл ичинде 5 мештин курулушу бүткөрүлүп, суткасына 2600 т цемент өндүрүлгөн. 16500 м2 аянтка тү­түк-шифер өндүрүшүнүн курулушу башталып, 1967-жылы декабрда алгачкы шифер чыгарылган. Эки жылдын ичинде курулган имаратка жы­лына 116 млн такта шифер жасоочу үч технологиялык линия монтаждалган. 1968-жылы жалпы кубаттуу­лугу жылына 960 км түтүк жасоочу технологиялык линия пайдаланууга берилген. 1978-жылы шифер­дин эки түрүнө Сапат белгиси ыйгарылган. Це­мент чыгарууну көбөйтүү үчүн 1974-жылдан тар­тып мештер реконструкцияланган.